"Эл аралык мунапыс" уюму укук коргоочу, Нобель сыйлыгынын ээси Лю Сяобонун өлүмү үчүн Кытай бийликтерин сынга алды.
- Лю Сяобо дүйнөдөгү эң атактуу укук коргоочулардын бири болгон. Ал өмүр бою адилеттүлүк жана адам укуктары үчүн күрөштү. Бирок Кытай бийлиги аны даңктоонун ордуна оозун жабууну туура көрдү. Үй-бүлөсү куугунтукталып, өзү камалды. Ага чет жакта дарыланууга мүмкүнчүлүк беришпеди. Кытай бийлиги тарыхта жок кекчилдикти жана катаалдыкты көрсөттү, - деди уюмдун Азия бөлүмүнүн башчысы Никола Бекелин.
13-июлда боордун рагынан улам каза болгон Сяобону укук коргоочулар, дүйнө лидерлери эскеришип, үй-бүлөсүнө көңүл айтышты.
Демократиянын белгилүү коргоочусу жана диссидент Лю Сяобо Кытайдын түрмөсүндөгү ооруканада 61 жашында көз жумган.
Лю Сяобо 2008-жылы "Хартия 08" деген документке авторлош болгондон кийин камакка алынган. Анда Кытайда адамдын фундаменталдык укуктарын коргоого жана саясий системаны реформалоого чакырык жасалган эле. 2009-жылы «бузуку ишмердиги» үчүн деп 11 жылга кесилген. 2010-жылы Нобель Тынчтык сыйлыгына татыган.