Линктер

жекшемби, 22-июль, 2018 Бишкек убактысы 16:44

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Өзбекстан менен кызматташтык боюнча жаңы келишим түзүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

10-12-июль күндөрү ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов баштаган расмий делегация иш сапар менен Өзбекстанда болуп, бул өлкөнүн ИИМ башчысынын орун басары Акромхон Бобохонов жана Ташкент шаардык милициясынын жетекчилиги менен жолукту. Алардын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Кыргыз тарап министр Улан Исраиловдун атынан Өзбекстандын ички иштер министри Абдусалам Азизовго «Шериктеш» жана анын орун басары Акромхон Бобохоновго «Ардак» медалын тапшырды.

Эки мекеме ортосундагы кызматташтык тууралуу макулдашуу 1992-жылы кабыл алынган. Кыргыз тарап ал өзүнүн актуалдуулугун жоготконун айтып, жаңысын кабыл алууну сунуштады.

Милиция жетекчилеринин Ташкентке сапары эки өлкөнүн башчылары Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиёевдин буга чейин Самарканд жана Астана шаарларындагы макулдашууларынын натыйжасында ишке ашты. (RK)

XS
SM
MD
LG