Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:00

Кытайлык диссидент Лю Сяобонун сөөгү кремацияланды


Лю Сяобо
Лю Сяобо

Кытайда Нобель сыйлыгынын лауреаты Лю Сяобонун сөөгү кремацияланды. Бул иш-чарага анын аялы, үй-бүлөсү катышты.

Кытайлык укук коргоочу, 61 жаштагы Лю Сяобо түрмөдөн катуу кайтарылган ооруканага которулганына бир ай болгондон кийин рак илдети өтүшүп кетип каза болду.

Диссиденттин абакта көз жумушун дүйнө лидерлери жана эл аралык уюмдар кескин сынга алышты.

Сяобо 2008-жылы "Хартия 08" деген документке авторлош болгондон кийин камакка алынган. Анда Кытайда адамдын фундаменталдык укуктарын коргоого жана саясий системаны реформалоого чакырык жасалган эле. Мындан улам Кытай бийлиги аны мамлекеттик түзүлүшкө шек келтирди деген айып менен 2009-жылы 11 жылга эркинен ажыраткан. Муну менен ал кесиптик ишмердиги жана көз карашы үчүн төртүнчү ирет соттолгон.

XS
SM
MD
LG