Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:10

Ирак аскерлери Мосулдун бошотулушун майрамдоодо


"Ислам мамлекети" тобунун Мосулда колго түштү деген согушкерлери. 13-июль, 2017-жыл.
"Ислам мамлекети" тобунун Мосулда колго түштү деген согушкерлери. 13-июль, 2017-жыл.

Ирак аскерлери өлкөнүн экинчи ири шаары Мосулду согушкерлерден бошотуп алганын белгилеп, борбор шаар Багдаддын көчөлөрүн аралап өтүштү.

Премьер-министр Хайдар ал-Абади бир апта мурда 2014-жылдан бери "Ислам мамлекети" террордук тобунун колунда кармалып турган Мосулдагы салгылашууларда экстремисттерди сүрүп чыгарганын расмий түрдө билдирген. Ал бир апталык майрамдоо иш-чараларын жарыялап, Ирактын башка шаарларында да параддар өттү.

Багдаддагы парадга армиянын, элиталык, контртеррордук күчтөрдүн, федералдык полициянын кызматкерлери катышты.

Майрамдоо иш-чаралары Мосулдун батыш жагындагы айрым жерлерде террорчулар менен атышуу дагы эле уланып жатканы тууралуу кабарларга карабастан өттү.

XS
SM
MD
LG