Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:39

Бишкекте 10-июлда өткөн “Миссис Кыргызстан-2017” сынагынын айрым катышуучулары анын жыйынтыгына нааразы болуп жатышат. Сынакка катышып, бирок эч кандай орунга татыбай калган Жазгүл Жоошбаеванын “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, жеңүүчү боло тургандардын ысымы алдын ала эле белгилүү болгону тууралуу сөз жүргөндө ал уюштуруучуларга кайрылып, калыстыкты талап кылган:

- Мен силерге акча табууга "массовка" болуп бере албайм. Эгер ошондой болсо анда менин акчамды кайтарып бергиле десем “жок, Жазгүл эжеке, баары таза болот, сизге андайды ким айтты...” деп аябай айткан.

Жогорку экономикалык билимдүү, 35 жаштагы жеке ишкер, эки баланын энеси Жазгүл Жоошбаева башкы байге “же кыргызча, же орусча эки сөздү байланыштырып сүйлөй албаган, интеллектуалдык суроолорго жооп бере албай койгон” келинге тийгенин айтууда. Ал сынакка катышуу үчүн 10 миң сом төлөгөн, калган чыгымдарын кошкондо жалпысынан 25 миң сом акчасы, даярдык иштерине байланыштуу бир айлык убактысы кеткен.

“Азаттык” сынактын уюштуруучусу Рыскүл Намазбековага кайрылганда ал айыптоолорду четке какты:

- Жалгыз Жоошбаева башынан эле чырдуу болду. Ал бир да сыйлыкка татыбай калганы үчүн чычалап жатат. Калыстар тобунда Юлия Руцкая, Анжелика сыяктуу сатылбаган, урматтуу адамдар отурган. Сынак таза өттү. Мындай иш-чаралардын бири да нааразылыксыз өтпөйт.

Үй-бүлөлүү же ажырашкан, кеминде бирден баласы бар аялдардын бул сынагы быйыл төртүнчү жолу уюштурулду. Ага катышкан 24 келиндин арасынан “Миссис Кыргызстан-2017” наамына Назик Асанбекова татыды. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG