Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын президенттик кызматка Сооронбай Жээнбековду талапкер катары көрсөткөн чечими келип түштү.
Мындай чечим КСДПнын 15-июлдагы курултайында кабыл алынган. Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин ага катышкан 674 делегаттын баары бир добуштан колдогону кабарланган.
Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Бүгүнкү күнгө карата талапкер катары катталуу арызы менен кайрылгандардын саны 28ге жетти.
Алардын 23ү өзүн өзү көрсөткөндөр Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов жана Шерикул уулу Мирлан.
Партиясы көрсөткөндөр 5: Т.Сариев - «Ак-Шумкар», Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс», Турсунбек Акун - «Адам укугу», А.Мадумаров - «Бүтүн Кыргызстан”, С.Жээнбеков - «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы».