Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Кыргызстанда ГЭС кура турган чех компаниясын журналисттер иликтей баштады


Чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты "Кыргызстанда белгисиз чех компаниясы миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялады.

Анда айтылгандай, Чехияда эч ким билбеген Liglass Trading CZ аттуу компанияны Кыргызстанга чех президенти Милош Земан жана анын канцелярия башчысы Вратислав Минарж сунуштаган.

"Документтерин карап көрсөк, Liglass Trading CZ фирмасынын соода-сатык ишмердиги 2014-жылы 345 миң чех кронуна айланып (азыркы курс менен 15 миң АКШ долларындай), бир миллион крондой чыгаша тартыптыр. Калган жылдары финансылык маалыматы жарыяланбаптыр", - деп жазат aktualne.cz сайтынын кабарчылар тобу.

Кыргызстанда мындай ири келишимге кол коюлганын журналисттерден уккан Чехиянын өнөр жай министри Йиржи Гавличек: "ушундай чех компаниясы бар экенин биринчи жолу угуп атам", - деп таң калганын жашырган эмес.

Чехия президентинин администрация өкүлдөрү: "Бардык маалыматты кыргыз прессасынан окуп алгыла", - деген жооп кайтарган.

Liglass Trading CZ компаниясы Прагада белгилүү адвокат Драгомир Шахтанын офисинде катталган. Шахта өзү "биз аларга юридикалык кеңеш беребиз, андан башка ишибиз жок" десе, кагаздарда компаниянын башкы директору деп жазылган Йиржи Войтеховский "Кыргызстанда ири долбоор үстүндө иштеп жатканыбыз чын, анын баары коммерциялык жашыруун сыр" деп айтуу менен чектелген.

Liglass Trading CZ компаниясынын маалымат сайтын ачсак, "азыр оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат" деп жазылып турат.

10-июлда Бишкекте кол коюлган келишимге ылайык, чех компаниясы 2020-жылга чейин Жогорку Нарын каскадын, Акбулуң ГЭСин жана дагы он чакан ГЭС курмай болду. Liglass Trading CZ. SRO компаниясы орусиялык “Русгидро” ишканасы Жогорку Нарын каскадынын башталгыч курулушуна сарптадык деген 37 миллион долларды да кайтарып берүүнү моюнуна алары айтылган.

Жогорку Нарын каскадын Орусия кура баштаган, бирок кийин баш тарткан. Долбоор 727 миллион долларга бааланган эле. Чех тарап бул каскадды бүткөрүүгө 500 миллион доллар кетерин болжолдоп жатат.

Кыргыз тарап чех компаниясына байланыштуу айтылып жаткан соңку маалыматтар боюнча азырынча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG