Линктер

дүйшөмбү, 23-июль, 2018 Бишкек убактысы 19:53

Ооган армиясы Гилменд провинциясында “Талибандын” көзөмөлүндө турган районду кайра алды. 15-июлда башталган операцияда оогандык аскерлер үч багыттан чабуул койсо, эл аралык коалиция авиация аркылуу көмөк көрсөткөнүн провинциянын губернаторунун маалымат катчысы Омар Зовак билдирди.

Провинциянын борбору жана башка маанилүү аймактар менен бириктирген районду талиптер тогуз ай мурун басып алган. "Талибандын" кеминде 12 мүчөсү өлтүрүлүп, эки ооган полиция кызматкери жарадар болгону кабарланды.

Гилменд провинциясында "Талибан" тобунун таасири күчтүү.

XS
SM
MD
LG