Киев шаарынын Печерск райондук соту парламент депутаты Михаил Добкинди эки айга камакка алды. Ага ошондой эле беш күн ичинде эки миллион долларга чукул күрөө койсо камактан бошотула турган мүмкүнчүлүк дагы берилди.
Депутат болсо анча акчасы жоктугун билдирди.
Сот жыйынына Жогорку Рададагы Оппозициялык блогго кирген санаалаштары катышты. Алар кесиптеши үчүн кепилдик берүүгө даярдыгын, эки киши болсо күрөөгө акча таап келишерин айтышты.
13-июлда Башкы прокуратуранын өтүнүчү боюнча парламент Добкинди кол тийбестиктен ажыраткан. Депутат Харьковдо кызмат абалынан кыянат пайдаланып, жерге байланышкан коз боёмочулукка катышкан деп айыпталууда.
Мурдагы президент Януковичтин маалында Харьков облусунун губернатору болгон Добкин 2014-жылы президенттик шайлоого катышкан.