Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:31

Иранда кош жарандыгы бар киши 10 жылга кесилди


Ирандын туусу
Ирандын туусу

Иран соту АКШнын жана дагы бир өлкөнүн жарандыгы бар кишини тыңчылыкка айыптап, 10 жылга эркинен ажыратканын соттун маалымат катчысы билдирди. Соттун өкүлү өкүм качан чыкканын жана кесилген кишинин аты-жөнүн айткан жок.

“Ал Американын түздөн түз көрсөтмөсү менен маалымат жыйнап жүргөн жана 10 жылга эркинен ажыратылды. Өкүмдү арызданса болот” – деди маалымат катчы Мохсени Эжеи 16-июлда телеканал аркылуу. Ал соттолгон киши АКШнын жана Ирандан башка бир өлкөнүн жараны деп бышыктады.

Соңку кезде АКШнын жана башка Батыш өлкөлөрүнүн жарандыгын алган бир нече ирандык Тегеранга кас башка өкмөттөр менен кызматташканы үчүн айыпталып, темир тор артына отургузулган.

Январь айында Тегерандын баш прокурору шаардын абактарында жетишмиштей “тыңчылар” жаза өтөп жатышканын айткан.

Октябрь айында АКШ менен Ирандын жарандыгы бар ишкер Сиамак Намази менен анын 80 жаштагы атасы, ЮНИСЕФ уюмунун мурунку кызматкери Бакиер Намази 10 жылга кесилген. Аларга “Америка өкмөтү менен кызматташып, тыңчылык кылган” деген айып тагылган.

XS
SM
MD
LG