Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

Азимбек Бекназаров президенттик шайлоого ат салышат


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Туруктуу элдик кеңештин төрагасы Азимбек Бекназаров Кыргызстандагы президенттик шайлоодо талапкер катары ат салышат. Анын талапкерлигин көрсөтүү сунушу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан Улуттук мекенчил күчтөр биримдигинин кезексиз курултайында көтөрүлдү.

Кожомкул атындагы Спорт сарайындагы бул жыйын биримдиктин атынан президенттикке талапкер көрсөтүү максатында уюштурулган. Бекназаров президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен бармакчы.

Мурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, мурдагы Баш прокурор жана мурдагы депутат Азимбек Бекназаров 2005-жылы да, 2010-жылы да анын улуттук баалуулуктарды көтөрүү багытындагы демилгесин саясий өнөктөштөрү кабыл алып, бирок "кийинчерээк ишке ашыруудан четтеп кетишкен" деп белгиледи. Буга байланыштуу ал башка этностор менен биргеликте кыргыздардын улуттук кайра жаралуусун көздөгөн саясий тутумду иштеп чыгып, аны аткаруу үчүн президенттик шайлоого катышууга бел байлаганын айтты.

Курултайга мурдагы депутаттар Исмаил Исаков, Абдыганы Эркебаев, Ишенбай Кадырбеков, Бөдөш Мамырова, Равшан Жээнбеков өңдүү саясатчылар конок катары катышууда.

Президенттик жарышка талапкер катары катышууга буга чейин БШКга 29 кишиден арыз түшкөн. Кыргызстандагы президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. (KJ\SE)

XS
SM
MD
LG