Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:13

Иран абакка кесилген америкалыктын ысымын жарыялады


Иран тыңчылык үчүн 10 жылга абакка кесилген америкалык жаранды Принстон университетинин изилдөөчүсү 37 жаштагы Жиюэй Вонг деп атады. Ирандагы сот тармагы боюнча кабарларды жарыялаган "Мизанонлайн" расмий басылмасы теги кытайлык Вонг 2016-жылдын 8-августунда Ирандан чыгып кетер алдында кармалганын билдирди.

Иран бийлиги бул кишини АКШ жана Британиядагы уюмдарга өтө жашыруун маалыматтарды алып чыгып бараткан деп айыптап жатат.

Мамлекеттик департамент АКШ жараны Иранда кармалганы тууралуу кабары бар экенин, расмий Тегеранды аны бошотууга чакыраарын билдирди.

XS
SM
MD
LG