Линктер

дүйшөмбү, 10-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 04:09

Сирия: Дамасктагы орус элчилиги бутага алынды


Сириянын мамлекеттик медиасы баш калаа Дамаск ракеталык чабуулга кабылганын, эки снаряд орус элчилигин бутага алганын кабарлады. "САНА" жаңылыктар агенттиги 16-июлда билдиргендей, эки снаряддын бири элчиликтин имаратына тийип, экинчиси анын жанына түшкөн.

Дамасктын бул аймагындагы чабуулдан жети киши мерт болгону кабарланды. Азырынча аба соккусун ким уюштурганы белгисиз.

Орусия жети жылга аяк баскан жарандык согушта президент Башар Асадды колдоп келет. Асадга каршы чыккан көтөрүлүшчүлөр орус элчилигин буга чейин бир нече жолу бутага алган.

XS
SM
MD
LG