Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:05

Түштүк Корея чек арадагы карама-каршылыкты токтотуу үчүн коңшусу Түндүк Корея менен аскердик сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштады.

Коргоо министринин орун басарынын мындай билдирүүсү Түндүк Корея соңку апталарда бир нече жолу ракета сынагандан кийин жасалды.

"Аскердик чыңалууну күчөткөн иш-аракетти токтотуу үчүн 21-июлда Тонгилгакта Түндүк Корея менен аскердик сүйлөшүүлөрдү сунуштайбыз",-деп билдирди министрдин орун басары Су Чо Сук.

Тонгилгак - чек арадагы Пханмунджом айылындагы буга чейинки тынчтык сүйлөшүүлөрү өткөрүлгөн имарат. Эгер Түндүк Корея макул болсо, бул 2015-жылдан берки өкмөттүк деңгээлдеги алгачкы жолугушуу болуп калат.

XS
SM
MD
LG