Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:39

Нидерландда Украинадагы учак кырсыгы боюнча мемориал ачылды


Схипхол аэропортунун жанындагы мемориал
Схипхол аэропортунун жанындагы мемориал

Нидерланддын баш калаасы Амстердамдагы Схипхол аэропортунун жанындагы паркта үч жыл мурда Украинанын чыгышында атып түшүрүлгөн учактын мерт болгон жүргүнчүлөрүнө арналган мемориал ачылды. Бул мемориалда 283 жүргүнчүнүн жана экипаждын 15 мүчөсүнүн ар бирине арналып бактар отургузулган.

Мемориалдын жанында дүйшөмбүдө өткөн эскерүү иш-чарасына Нидерланддын падышасы Виллем-Александр жана каныша Максима баштаган 2000 миңге чукул адам катышты.

Амстердамдан Куала-Лумпурга сапар алган MH17 каттамындагы малайзиялык учак 2014-жылдын 17-июлунда Украинанын чыгышында атып түшүрүлгөн. Учактагы жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү Нидерланддын жарандары болчу.

2015-жылы Нидерланддын иликтөөчүлөрү учак Орусияда жасалган "Бук" ракетасы менен атып түшүрүлгөн деген бүтүмгө келишкен. Орус тарап бул окуяга байланышы жок экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG