Линктер

дүйшөмбү, 23-июль, 2018 Бишкек убактысы 09:57

"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы өз булактарына таянуу менен кабарлагандай, Лебап облусунун соту кеминде 40 кишиге өкүм чыгарды.

Соттолгондордун көбү – түркмөн-түрк лицейлеринин кызматкерлери жана бүтүрүүчүлөрү. Жабык өткөн сотто алар 20 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылган.

Май айында бул өлкөдө АКШда жашаган түркиялык диний аалым Фетхуллах Гүлендин кыймылына катышы бар деген айып менен 50дөн ашуун киши кармалганы кабарланган.

Быйыл февралда Ашхабад шаардык соту ушундай эле айып менен 18 кишини 25 жылга чейин абакка кескен эле. Алардын арасында Түркмөнстандын белгилүү ишкерлери бар.

Түркия бийлиги былтыр 15-июлда ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш аракетине Фетхуллах Гүленди жана анын жолун жолдоочуларды айыптаган. Түркияда "гүленчи" деген шылтоо менен он миңдеген кишилер кызматтан айдалган, көбү абакта кармалууда.

Расмий Анкара Гүленди 2000 жылга абакка кесүүнү сунуштаган. Бирок АКШ Гүленге каршы дооматтарга далил жок деген негизде аны Түркияга өткөрүп берген эмес. Гүлен өз дарегине айтылгандарды четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик атайлап уюштурган деген оюн билдирген.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG