Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 09:13

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер катары арыз бергендердин шайлоо фондуна түшкөн каражаттар туурасында маалымат берди. Арыз берген 29 кишинин сегизи гана шайлоо фондуна каражат которгон.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов 12 млн сом которуп, 5 млн 700 миң сомдон ашуунун короткон. Андан кийинки орунда “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев турат. Анын шайлоо фондуна 3 млн сом которулуп, 772 миң сому коротулган. Арстан Абдылдаев 245 миң сом, Таалатбек Масадыков 130 миң сом, Кубан Чороев 65 миң сомдон ашуун, Камила Шаршекеева 40 миң сом, Рита Карасартова 35 миң сомдон ашуун каражат которгон. Мындан сырткары Замира Муратбекованын шайлоо фондунда 391 сом бар экени кабарланды.

15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коюуну каалаган жарандардын саны расмий 29га жетти. Алардын бешөөнү саясий партиялар көрсөтсө, калгандары өзүн-өзү көрсөткөндөр.(КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG