Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:38

Бишкекте "Ата Журт" саясий партиясынын XI курултайы өтүп жатат. Ага Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев баштаган партия мүчөлөрү, Адахан Мадумаров, Темир Сариев, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Ишенбей Кадырбеков, Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев, Аликбек Жекшенкулов баштаган саясатчылар, коомдук ишмерлер, коноктор катышууда. Курултайда президенттикке Ташиев менен Келдибековдун талапкерлиги сунушталды. Партиянын саясый кеңешинин чечимин Бөдөш Мамырова жарыялады.

Курултай партиянын атынан президенттикке талапкерди расмий көрсөтүшү керек.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Бүгүнкү күнгө карата талапкер болуп катталуу үчүн Боршайкомго арыз бергендердин саны 29га жетти. (КЕ/SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG