Линктер

дүйшөмбү, 16-июль, 2018 Бишкек убактысы 12:50

Орусия АКШдагы декабрь айында жабылган дипломатиялык имараттарын кайра алууга жакын калды. Бул тууралуу 17-июлда Вашингтондо Мамлекеттик катчынын орун басары Томас Шеннон менен жолуккан орус тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков билдирип, орток пикир дээрлик табылганын журналисттерге айтты.

Шеннон бул маселе боюнча комментарий берген жок. Эки дипломаттын жолугушуусунун алдына Кремль АКШны имараттарды колдонууга уруксат берүүгө чакырган.

Мурдагы президент Барак Обама Орусиянын АКШнын шайлоосундагы ыктымал ролун жүйө келтирип, декабрь айында Мэриленд жана Нью-Йорк штаттарындагы эки дипломатиялык имаратты жабуу жана 35 орус дипломатын өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган. Орус тарап Обаманын бул буйругун негизсиз деп сынга алган.

XS
SM
MD
LG