Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Ак үй: Иран өзөктүк келишимди аткарып жатат


Ак үй
Ак үй

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Иран 2015-жылы жетишилген өзөктүк келишимдин талаптарын аткарып жатканын, бул багыттагы санкцияларды жеңилдетүү улана берерин билдирди. Бирок баллистикалык ракеталар сыяктуу башка маселелер боюнча Иранга каршы жаңы санкциялар болушу мүмкүндүгү 17-июлда жарыяланган билдирүүдө айтылат.

Дональд Трамп бийликке келгенден бери Ак үй ушуну менен экинчи жолу Иран келишимдин шарттарын аткарып жатканын мойнуна алып жатат. Президент Трамп шайлоо өнөктүгү маалында расмий Терегандын өзөктүк курал чыгаруусун алдын алууну көздөгөн макулдашууну "болуп көрбөгөндөй начар келишим" деп атап, аны жокко чыгараарын ишара кылган.

Эки жыл мурда Иран АКШ, Британия, Франция, Германия, Кытай, Орусия менен түзгөн келишимге ылайык өзөктүк программасын чектөөгө макул болгон. Ага жооп катары Тегеранга киргизилген эл аралык экономикалык санкциялар жоюлган.

XS
SM
MD
LG