Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:31

Монтенегро токойлордогу өрттү өчүрүүгө жардам сурады


Сплит шаарынын жанындагы Подстрана кыштагы алоолонгон өрткө кабылды. 18.7.2017. AFP.
Сплит шаарынын жанындагы Подстрана кыштагы алоолонгон өрткө кабылды. 18.7.2017. AFP.

Монтенегро (Черногория) Адриатик деңизинин жээгиндеги Луштица жарым аралындагы токойлордо чыккан өрттү өчүрүү үчүн эл аралык коомчулуктан чукул жардам сурады. Өлкө бийлигинин маалыматы боюнча, токойлордо эс алып жүргөн кеминде 100 турист коопсуз жайга көчүрүлдү.

"Луштицада кырдаал курч. Монтенегронун Ички иштер министрлиги Евробиримдиктин Жарандык коргонуу механизминен жардам сурайт", - деп айтылат өкмөттүн 17-июлдагы билдирүүсүндө.

Жээктеги Котор, Тиват сыяктуу шаарлардын мэрлери өкмөткө кайрылып, коңшу Хорватия, Босния жана Сербиядан өрт өчүрүү топторун чакырууну сунушташкан.

Тилсиз жоого ысык аба ырайы себеп болгону, катуу шамал аны өрт чордонуна жакын башка айылдарга жана тоолуу токойлорго жайылтып жатканы кабарланды.

XS
SM
MD
LG