Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:38

Иран президенти Хасан Роуханинин финансылык кылмыштарга аралашкан деген кине менен кармалган иниси Хусейин Ферейдун күрөөгө бошотулду. Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, Ферейдун бошотулгандан кийин өзүн жаман сезгени үчүн ооруканага жеткирилди.

Күрөөгө канча акча коюлган так кабарланган жок. Ферейдун 2013-жылы бийликке келген президент Роуханинин башкы жардамчыларынын бири болгон. Ага каршы айыптоолор жазында өткөн президенттик шайлоонун алдында күчөгөн.

Консерваторлор узактан бери эле Ферейдунду финансылык кылмыштарга жана коррупцияга аралашкан деп айыптап келишкен. Алар Иран лидерине каршы соттук териштирүүнү да талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG