Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 20:14

Өткөн жуманын соңунда болгон Кыргызстан социал-демократтар партияснын съездиндеги бөлүнүп-жарылуулар көп талкууга жем таштоодо. Башкаруучу партиядагы пикир келишпестиктер демократиянын кадимки көрүнүшүбү же саясий уюмдун ыдырашынын башталышыбы? Кыргызстандагы саясий партияларда башка пикирлерди угууга шарт түзүлгөнбү же лидердин акчасына байланган диктатурасы үстөмдүк кылабы? Ушул жана башка суроолорго бүгүнкү “Арай көз, чарай” берүүбүздөн жооп издөөгө аракет кылабыз. Талкууга “Бириккен элдик кошун” уюмунун жетекчиси, Кыргызстан социал-демократтар партиясынын мүчөсү Алга Кылычов жана Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Бакыт Аманбаев катышты.

XS
SM
MD
LG