Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Малала барымтадан бошотулган нигериялык кыздар менен жолукту


Малала Юсуфзай
Малала Юсуфзай

Нобелдин тынчтык сыйлыгынын ээси Малала Юсуфзай Нигериядагы сапарында согушкерлердин барымтасынан бошотулган окуучу кыздар менен жолукту. 20 жаштагы пакистандык активист нигериялык кыздарды билимге көңүл бурууга чакырды.

2014-жылы "Боко харам" согушкерлер тобу Нигериянын алыскы Чибок кыштагында 276 окуучу кызды туткунга алып кетишкен. Алардын бир тобу бошотулуп, учурда жүздөй кыз барымтада кала берүүдө.

Малала Нигериянын президенти менен Абужа шаарында кездешип, өкмөт билим берүү жаатында өзгөчө кырдаал жарыялашы керектигин айтты.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, Нигерияда 10,5 миллион өспүрүм мектепке барбайт. Алардын 60 пайызын кыздар түзөт.

XS
SM
MD
LG