Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Түрмөдө отургандар арасында футбол мелдеши өттү


Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу №47 түзөтүү абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар арасында футбол мелдеши өттү. 18-июль Нельсон Манделанын Эл аралык күнүнүн алкагында өткөрүлгөн мелдеш абактагылардын абалына, кыйноолорго көңүл бурдуруу максатында уюштурулду.

Уюштуруучулардын бири, “Зыянды азайтуу тармагы” бирикмесинин өкүлү Мадина Токомбаева абактагылардын психологиялык, социалдык абалына көңүл бурулбай жатканын айтты.

- Абактагылар моралдык колдоодон куру калышкан. Аларды коомдон бөлбөй, өз ордун таап кетүүсүнө көмөк көрсөтүү керек.

Мелдешке отузга чукул адам катышып, төрт команда беттешти. Оюн жүрүшүндө мыкты чеберчилигин көрсөткөндөргө техникалык каражаттар, кубок, мактоо баракчалары тапшырылды. (КЕ/BzA)

XS
SM
MD
LG