Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:38

Мектеп жана бала бакчалардын жанында жол белгилери коюлуп жатат


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Жаңы окуу жылы башталганга чейин Бишкектеги бардык мектептер менен бала бакчалардын жанында жол белгилери орнотулат.

Бул тууралуу мэр Албек Ибраимов билдирди. Анын айтымында, балдардын коопсуздугу үчүн мектептердин жанында жөө жүргүнчү өтчү тилкелер, өтмөктөр жана ылдамдыкты азайтууну көрсөткөн жол белгилери коюлуп жатат.

Расмий маалыматка караганда, жыл башынан бери Кыргызстанда 2500дөн ашуун жол кырсыгы катталып, 300дөн ашык кишинин өмүрү кыйылды. 3800дөн көбү түрдүү жараат алышты.

Жол кырсыктары трассаларда жана Бишкек шаарында көп катталат.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, башкалаада беш ай ичинде 900дөн ашуун жол кырсыгы болуп, андан 1100дөн ашуун киши ар түрдүү жараат алган, 23 киши ажал тапкан. Жол кырсыгынын 56% жөө жүргүнчүлөрдү коюп кеткен учурлар. Быйыл жөө жүргүнчү өтчү тилкеден мектеп окуучуларын машине сүзүп кеткен бир нече учур катталды.

XS
SM
MD
LG