Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

Иракта өкмөттүк күчтөргө чабуул жасоого даярданган 20 адам кармалды


Ирактын Мосул шаары.
Ирактын Мосул шаары.

Мосулда кармалгандар арасында Орусия, Германия, Түркия жана Канаданын жарандары жана кыз-келиндер бар экени кабарланууда. Немис басылмаларынын маалыматына караганда, жер алдындагы өтмөккө жашынып жүргөн жоочулар куралчан болушкан.

Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары согушкер кыздардын бири 16 жаштагы саксониялык окуучу экенин, Германияда ал дайынсыз жоголгондордун тизмесинде болгонун жазып чыгышты. Ал жоголуп кеткенге чейин, 2016-жылы жайында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун мүчөлөрү менен интернетте байланышканы үчүн полициянын көзөмөлүнө алынган.

Германиянын прокуратурасы мамлекеттик оор кылмыш жасаган деген негизде мектеп окуучусуна кылмыш ишин козгоп, бирок анын дайынсыз болгонуна байланыштуу тергөө иши токтотулган.

10-июлда Ирактын премьер-министри Хайдер ал-Абади Мосул "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун согушкерлеринен бошотулганын жарыялаган. Аталган террордук топ Мосулда 2014-жылы басып алган.

XS
SM
MD
LG