Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:52

Гаага соту Орусияны 5 миллион евро төлөөгө милдеттендирди


"Гринпис" (Greenpeace) уюмунун "Арктик Санрайз" (Arctic Sunrise) кемеси Мурманск портунан чыгууда. 01.8.2014.
"Гринпис" (Greenpeace) уюмунун "Арктик Санрайз" (Arctic Sunrise) кемеси Мурманск портунан чыгууда. 01.8.2014.

Гаагадагы арбитраждык сот 2013-жылы сентябрда Баренц деңизинде "Гринпис" (Greenpeace) экологиялык уюмунун "Арктик Санрайз" (Arctic Sunrise) кемесин токтоткону үчүн орус бийлигин Нидерландга компенсация төлөөгө милдеттендирди.

Компенсация 5,5 миллион еврону түзөт. Сот чечимине ылайык, орус тарап келтирилген зыян үчүн 1,7 млн евро акча каражатын кемеге, 2,4 млн евро акчаны борттогу кишилерге төлөп берүүгө тийиш.

Орусия Нидерланддын желеги менен жүргөн "Арктик Санрайз"​ кемесин 2013-жылы сентябрда кармаган. Анын ичиндеги жаратылышты коргоочулар Арктикадагы эл аралык сууларда Орусиянын “Приразломная" мунай платформасынын иштешине нааразылык билдирип барышкан. Кеменин экипажын жана окуяны чагылдырып жүргөн журналисттерди кошкондо жалпы 30 адам Орусиянын түрмөлөрүнө камалып, декабрда мунапыс менен эркиндикке чыгышкан.

2015-жылы августта эл аралык сот "Орусия кемени кармаганы үчүн Нидерландга кенемте төлөшү керек" деген бүтүм чыгарган. Орусия ишти кароого катышуудан баш тарткан. Орус президенти Владимир Путин буга чейин "Арктик Санрайз" кемеси мунай платформасына жакындоо менен эл аралык нормаларды биринчилерден болуп бузганын айткан.

XS
SM
MD
LG