Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:25

Исаков: 2010-жылдагы чечимдер мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чечилген


Бул тууралуу бүгүн Текебаев-Чотонов сотунда Убактылуу өкмөттүн өкүлү Исмаил Исаков билдирди.

Ал 2010-жылдын 13-майында Убактылуу өкмөт мүчөлөрү чукул жыйынга чогулуп, өлкөнүн түштүгүндөгү кырдаалды талкуулаганын билдирди.

Анын айтымында, ушул күнү аны түштүккө жөнөтүү боюнча чечим чыккан. Адвокаттын Алексей Модин көрсөткөн иш бөлмөсү тууралуу берген суроосуна Исаков “андай бөлмөдөн экөө болчу. Чыгыш тарапта, анан күн батыш тарапта экинчиси бар болчу. Ошол кабинетти көрсөтүштү. Анда биринчи орун басар Алмазбек Атамбаев отурчу”, -деп жооп берди.

Мындан сырткары “Мегакомдун” 50% акциясы талаштуу болгондуктан, 49% улутташтыруу тууралуу чечим чыгарылганын, ошол кезде бардык чечимдер мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кабыл алынганын белгиледи.

Бүгүн Биринчи май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновго байланыштуу ишти кароону улантууда. Исаковдон мурда Камчыбек Ташиев 2010-жылы 21-декабрь боюнча көрсөтмө берди. Ал бул күнү Текебаевдин туулган күнү болгонун, бирок аны иш бөлмөсүнөн таппаганын айтты.

Бүгүн көрсөтмө берүүгө Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров, Болот Шерниязов, Абдыганы Эркебаев келди. Адвокаттар Иса Өмүркулов, президент Алмазбек Атамбаевдин келүүсүн сурап жатышат.

Буга чейин орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы 13-майда Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев менен таанышканын, кийинчерээк ага “Мегакомду” сатып алуу үчүн миллион доллар бергенин айткан. Орус ишкери 21-декабрда Текебаев менен жолугуп, миллион долларды кайтарууну талап кылганын айтып келет. Териштирүүдө дагы бир күбө Алексей Модин Текебаев менен жолуккан бөлмөнү көрсөтүп берген.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов коррупция беренеси боюнча айыпталып жатат. Алар 2010-жылы Убактылуу өкмөттө мүчө болуп турганда орусиялык ишкерлерден “Мегакомду” алардын пайдасына чечүү үчүн миллион доллар пара алган деп шектелип жатат. Саясатчылар кылмыш ишин саясий куугунтук деп атап, өздөрүнүн ак экенин айтып келишет. (КЕ/ZKo)

XS
SM
MD
LG