Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:20

УКМК: теракт уюштурууга даярданган жаран кармалды


Кармалган жарандын жашаган жерин тинтүү маалында алынган материалдар. 2017
Кармалган жарандын жашаган жерин тинтүү маалында алынган материалдар. 2017

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен бүгүн кабарлашкандай, Ош облусунун Кара-Суу районунан теракт уюштурууга даярданып жүргөн эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды.

Маалыматка караганда, 4-июлда кармалган жаран 1980-жылы туулган, ал буга чейин Сирия-Ирак аймагындагы куралуу жаңжалдарга катышып келген. Анын диверсиялык-аскерий даярдыктан өткөнү жана өлкө аймагында террористтик акт жасоого даярдык көргөнү айтылат. Кармалган жарандын жашаган жерин тинткен кезде колго жасалган 8 килограммдык жардыргыч зат, аммиак селитрасы жана алюминий пудрасы, экстремисттик мазмундагы материалдар табылган.

Бул боюнча Кылмыш кодексинини 241 жана 28-266-беренелери боюнча (“курал-жарактарды сатуу жана мыйзамсыз алып жүрүү, сактоо”) кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү жаран УКМКнын убактылуу камоо жайына камалды.(КЕ)

XS
SM
MD
LG