Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:37

Бишкекте эки жумушчу 9-кабаттан кулап түштү


Фото: Facebook. Жакшылык Матанов.
Фото: Facebook. Жакшылык Матанов.

Бишкекте жаңы курулуп жаткан үйдүн 9-кабатынан эки жумушчу кулап түштү. Анын бирөө окуя болгон жерде жан берди, экинчиси ооруканага жаткырылды. Бул маалыматты “Тез жардам” кызматы “Азаттык” радиосуна ырастады. Кырсык тууралуу кенен маалымат айтылган жок.

Социалдык тармактын колдонуучулары окуя Түштүк магистрал менен Садырбаев (мурдагы Бах – авт.) көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун жана жумушчулар коопсуздук чаралары сакталбаган шартта иштеп жатышканын жазышты. (КЕ)

 

XS
SM
MD
LG