Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновго байланыштуу ишти карап жатат.
Соттук териштирүү маалында судья Айбек Эрнис уулу Текебаевдин адвокаттарынын бири Канатбек Азиздин залдан чыгуусун талап кылды. Ага күбөгө маалымат берип, жардам берип жатат деген прокурорлордун билдирүүсү себеп болгон. Сот буга каршы болгон тарапкерлерди да залдан чыгуусун талап кылды. “Прокурорлор эскертүү берсин дегенине карабай судья түз эле чыгып кет деп жатат. Алар элге түз маалымат жетишин каалабай жатышат”, - деди Канатбек Азиз “Азаттык” радиосуна комментарий берип жатып. Соттук отурумга катышып жаткан депутат Аида Салянова муну чагым деп атоодо.
Учурда сырттан кошумча аскерлер киргизилип, Текебаев менен Чотоновду алып кетишти. Сот башка залда уланмай болду. Анда айыпталуучулардын жакындарынан жана адвокаттардан башка тарапкерлерди өткөрбөй жатышат. Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов, Наталья Никитенко сот залына киргизилген жок.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов коррупция беренеси боюнча айыпталып жатат. Алар 2010-жылы Убактылуу өкмөттө мүчө болуп турганда орусиялык ишкерлерден “Мегакомду” алардын пайдасына чечүү үчүн миллион доллар пара алган деп шектелип жатат. Саясатчылар кылмыш ишин саясий куугунтук деп атап, өздөрүнүн ак экенин айтып келишет. (КЕ/ZKo)