Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Бишкек-Ош жолу мамдирекциясынын башчысы кызматтан алынат


Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Бишкек-Ош жолу мамлекеттик дирекциясынын башчысы Изат Токтомамбетов трассаны ремонттоо боюнча планды үзгүлтүккө учураткандыгы, кайдыгерлик жана кесипкөй эместиги үчүн кызматтан алынат. Бул тууралуу бүгүн өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары менен баратып жолдун абалы менен таанышкан учурда билдирди. Трассаны көрүп чыккан соң премьер-министр аталган дирекциянын ишин ремонт мөөнөтүн үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн катуу сынга алды. Ошондой эле анын жетекчиси кызматтан алынарын айтты. Маалыматта айтылгандай, жолдун 133-чакырымында ремонт иштери 30-майда башталары белгиленип, бирок иш жүзүндө кеч башталган.

- Бишкек-Ош жолунун начар абалы боюнча тынымсыз даттануулар түшүүдө. Күн сайын аталган магистралдан 2 миңге жакын унаа каттайт. Ремонт башталган 45 күндөн бери болгону 2,5 чакырым жол оңдолгонуна ишенүү кыйын. Эгерде аба ырайы күндүз ишти жүргүзүүгө тоскоолдук кылса, анда түнкү убакытта жүргүзүүгө болот. Каржылоодон көйгөй жок, бардык зарыл техника берилген.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымдагандай, азыркы учурда 2,5 чакырым аралыкка асфальт төшөлгөн. План боюнча жалпысынан 12 чакырым аралык асфальтталат. Жолду оңдоого 98 млн. сом бөлүнгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG