Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Порошенко Грузиянын жикчил аймагына жакын барды


Украинанын президенти Петро Порошенко.
Украинанын президенти Петро Порошенко.

19-июлда Украинанын президенти Петро Порошенко Грузияга эки күндүк сапар менен барды. Ал сапарынын алгачкы күнүндө Грузиянын өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөгөн аймагы менен жикчилдердин карамагындагы аймагы чектешкен жеринде болду.

Петро Порошенко менен Георги Маргелашвили Түштүк Осетиядагы орус аскер базасын дүрбү менен кароодо. 19.7.2017.
Петро Порошенко менен Георги Маргелашвили Түштүк Осетиядагы орус аскер базасын дүрбү менен кароодо. 19.7.2017.

Петро Порошенко менен Грузиянын президенти Георги Маргелашвили Түштүк Осетиядагы орус аскерий базасына дүрбү менен көз салышты.

Орусия 2008-жылдагы Грузиянын өкмөттүк күчтөрү менен беш күнгө созулган согуштан кийин Тбилисиден өздөрүн көз карандысыз деп жарыялап алышкан Түштүк Осетия менен Абхазия жикчил аймактарында миңдей аскерин жайгаштырган.

Президент Маргелашвилинин администрациясы маалымдагандай, украин мамлекет башчысы Порошенко Осетия менен Абхазия жикчил аймактарындагы жагдайды өз өлкөсүнүн чыгышындагы дүрбөлөңдүү кырдаал менен салыштырды.

Учурда Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарын орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөп турушат. Ал эми Украинага тиешелүү Крым жарым аралын Орусия өз карамагына бир тараптуу кошуп алган, бирок муну дүйнө коомчулугунун басымдуу бөлүгү тааныган жок.

Порошенко өнөктөшү Маргелашвили менен биргеликте Батуми шаарында 19-июлда баштала турган грузин-украин форумунун ачылышына катышат.

XS
SM
MD
LG