Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Пакистанда шиит үй-бүлөнүн төрт мүчөсүн өлтүрүп кетишти


Белужистан провинциясында куралчан адамдар шиит үй-бүлөнүн төрт мүчөсүн жана алардын айдоочусун атып кетишти.
Белужистан провинциясында куралчан адамдар шиит үй-бүлөнүн төрт мүчөсүн жана алардын айдоочусун атып кетишти.

Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан провинциясында куралчан адамдар шиит үй-бүлөнүн төрт мүчөсүн жана алардын айдоочусун атып кетишти.

Бул тууралуу жергиликтүү бийлик маалымдады. Кандуу окуя Мастунг шаарында болгон. Шаардын полиция башкармалыгынын жетекчиси Газанфар Али үй-бүлө мүчөлөрү диний ишениминен улам эле согушкерлердин бутасына калышканын айтты. Азырынча эч бир топ жоопкерчиликти өз мойнуна ала элек.

Ушундай эле чабуулдар мурда да аймактагы суннит экстремисттик топтору тарабынан уюштурулуп келген.

Радикал согушкерлер 2000-жылдардын башынан бери миңдеген адамдарды жок кылышты. Пакистандын 188 миллион калкынын беш пайызын мусулманчылыктын шиит агымын кармангандар түзүшөт.

XS
SM
MD
LG