Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:50

Шайлоо-2017: тилден сынак тапшыруу келерки апта башталат


Президенттикке ат салышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бергендер келерки аптадан тарта кыргыз тилден сынагын тапшыра баштайт. Бул жолу сынак “Кыргызтест” системасы аркылуу өтөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, 25-июлда талапкерлерге “Кыргызтест” программасы менен тааныштыруу жүрөт. Ал эми 26-июлдан баштап кыргыз тилде тест тапшыруу башталат. Түзүлө турчу графикке жараша, күнүнө төрт талапкер тест тапшыруусу күтүлүп жатат.

Сынак тапшыруу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өтүп, аны Мамлекеттик тил боюнча комиссия уюштурат.

19-июлга карата БШКга талапкер болуу ниетин билдирип, арыз тапшыргандардын саны 32ге жетти. Кыргызстанда шайлоо 15-октябрда өтөт.

Кыргызстандыктардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча “Кыргызтест” системасы 2013-жылы ишке кирген. "Кыргызтест" лексика-грамматика, угуп түшүнүү, окуп түшүнүү, жазуу субтесттеринен турат. Бул система президенттик шайлоодо алгачкы ирет колдонулуп жатат. (КЕ/SDz)

XS
SM
MD
LG