Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:00

Атамбаев: Түрк тилдүү элдердин жалпы орток тилге өтүүсү ишке ашпаган идея


Эл аралык туруктуу алтай таануу жыйынынын (PIAC) 52-отурумунун катышуучулары. Хух-Хото ш., Ички Монголия, КЭР. 29.7.2009.
Эл аралык туруктуу алтай таануу жыйынынын (PIAC) 52-отурумунун катышуучулары. Хух-Хото ш., Ички Монголия, КЭР. 29.7.2009.

Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкекте өтүп жаткан “Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдердин форумунда” сөз сүйлөгөн учурда билдирди. Мамлекет башчы коомчулукта латын арибине өтүү экономикага пайда деген сөздөр болуп жатканын белгилеп, бирок Кытай, Жапония ансыз эле өнүгүп жатканын айтты.

- Өнүккөн Кытай, Жапонияны көрүп атпайбызбы. Аларга иероглифтери тоскоол болдубу? Латын арибисиз эле өнүгүшпөдүбү. Түрк тилдүү элдердин жалпы орток тилге өтүүсү да ишке ашпаган идея. Бир тууган хакас, алтай элин да карайлы. Алар шартка байланыштуу кошула албайт. Биздин тамырыбыз бир. Бул нерсени унутпашыбыз керек.

Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жаткан форумга 12 өлкөдөн, 20дан ашуун элдин өкүлдөрү, тарыхчы, филолог, маданият таануучу (культуролог), антрополог, этнолог, лингвист жана фолклорду изилдөөчүлөр катышууда.

Анда Евразиядагы Алтай тектүү элдердин гуманитардык, тарыхый, этностук, тилдик жана маданий байланыштарын чыңдоого багытталган акыркы илимий изилдөөлөр, билим берүү жана маданий долбоорлордун жыйынтыктары талкууланат.

Форум 21-23-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында улантылып, анын соңунда биргелешкен декларация кабыл алынат. (КЕ/BzA)

XS
SM
MD
LG