21-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +30..+35;
Талас жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз+30...+35;
Баткен облусунда түнкүсүн +16...+21, күндүз +31...+36;
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +31...+36;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +11...+16, күндүз +23..+28;
Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +25...+30;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз +12...+17.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсү +16…+18, күндүз +32…+34.