Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:36

Орой мамилеге ызаланган Сузактын тургуну прокуратурага арызданды


Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Бек-Абад айылынын тургуну Акмаджан Юлдашев Сузак райондук паспорт жана виза бөлүмүнүн кызматкерлерине чара көрүү өтүнүчү менен райондук прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу ал өзү “Азаттык” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, 18-июнда 70теги аксакал Өзбекстандан келген туугандарын убактылуу каттоого тургузуу максатында паспорт бөлүмүнө барган. Кезектин көптүгүнөн ар эшикке кирип олтуруп документ бүтүргөнүн жана кээ бир кызматкерлер аксакалды эшикке кууп чыгуу менен орой мамиле жасаганын айтты. Ошондой эле Юлдашев бөлүмдө ашыкча акча жыйнамайлар көп экенин билдирди. Ал эми райондук паспорт жана виза каттоо бөлүмүнүн башчысы Манасбек Баизов бул боюнча кызматтык чара көрүлөрүн айтты.

Өткөн жумадан каттоо кызматынын өкүлүнүн кардарларга жасаган орой мамилеси тартылган видео интернетке тарап, аталган кызматкер жумуштан алынары айтылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG