Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:18

Атамбаев Татарстандын президенти Минниханов менен жолугушту


Кыргызстандын президенти А.Атамбаев менен Татарстандын президенти Р.Минниханов. 20.7.2017.
Кыргызстандын президенти А.Атамбаев менен Татарстандын президенти Р.Минниханов. 20.7.2017.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-июлда, Бишкекте өтүп жаткан “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер" форумуна катышуу үчүн Кыргызстанга жумушчу сапар менен келген Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолугушту. Татар президенти аталган илимий шериненин маанилүү экенин белгилеп,“биз бардыгыбыз тилди, маданиятты, тарыхты сактоо туурасында ойлонобуз. Бул маселелер учурда абдан маанилүү жана актуалдуу, өзгөчө көңүл бурууга татыктуу”, - деди.

Жолугушууда кыргыз-орусиялык көп пландуу мамилелердин алкагында Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Бүгүн Бишкектеги Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясындагы "Эне-Сай" боз үйүндө “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер" форуму өз ишин баштады. Ага 12 өлкөдөн, 20дан ашуун элдин өкүлдөрү, тарыхчы, филолог, маданият таануучу, антрополог, этнолог, лингвист, фольклорду изилдөөчүлөр жана башка илимпоздор катышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG