Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:34

Медиа: ЦРУ Сириядагы көтөрүлүшчүлөрдү колдоону токтотот


Эркин Сирия армиясынын согушкерлери, Алеппонун көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн аймагы, 13-декабрь 2016-жыл.
Эркин Сирия армиясынын согушкерлери, Алеппонун көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн аймагы, 13-декабрь 2016-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп бир ай мурда Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) Сириядагы көтөрүлүшчүлөргө көрсөткөн колдоосун токтотууну чечкенин америкалык медиа билдирип чыкты.

"Вашингтон пост" гезити 19-июлда жашыруун булактарына таянып кабарлагандай, АКШ бул жол менен Орусияга Сирия маселесинде иштешүүгө даярдыгын көрсөткүсү келет.

ЦРУнун бул программасы 2013-жылы мурдагы президент Барак Обаманын тушунда башталып, Сирия президенти Башар Асадга каршы күрөшкөн көтөрүлүшчүл топторду машыктыруу жана жабдуу максатын көздөгөн. Бирок ал программа ийгиликтүү ишке ашкан эмес.

Медиадагы маалыматтарга ылайык, Трамп бул чечимин 7-июлда Гамбург шаарында орус президенти Владимир Путин менен жолугардан мурда улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин жана ЦРУнун жетекчилигинин кеңешинин негизинде кабыл алган.

Сирияда жети жылга аяк баскан жарандык согушта Орусия президент Башар Асадды колдоп келет.

XS
SM
MD
LG