Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:03

“Саякбай” тасмасы Монреалга чакыруу алды


"Саякбай" тасмасында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов да ойногон.
"Саякбай" тасмасында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов да ойногон.

"Саякбай" тасмасы Эл аралык Монреал кинофестивалына катышуу үчүн чакыруу алды. Ага карата 24-августа Канадада “Саякбай” тасмасынын дүйнөлүк премьерасы болот. Бул тууралуу “Азаттык” үналгысына фильмдин режиссеру Эрнест Абдыжапаров билдирди. Тасмада ХХ кылымдын Гомери деп аталган Саякбай Каралаевдин таланты жана манасчылык өнөрү тууралуу баяндалат. Улуу манасчынын өмүрү менен өнөрүн баяндаган тасма баштан аяк Саякбай манасчы менен атактуу Чыңгыз Айтматовдун маегинен, эскерүүлөрүнөн турат.

Буга чейин Канаданын Монреаль шаарында өткөн кинофестивалда Дальмира Тилепбергенованын "Асман алдында" тасмасы калыстар тобунун атайын сыйлыгына, режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Ата керээзи" фильми "Алтын зенитке" ээ болгон. "Саякбай" тасмасы буга чейин Бишкекте чакан чөйрө үчүн жабык көрсөтүлгөн. Жалпы көрүүчүлөр үчүн 31-август күнү эгемендүүлүктүн 26 жылдыгына карата тартууланары айтылган.

Монреаль кинофестивалы 1977-жылы негизделген. Ал “А” классындагы дүйнөлүк фестивалдардын бири болуп эсептелет. Быйыл бул кароо-сынак кырк биринчи жолу өтүп жатат.(ZA)

XS
SM
MD
LG