Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында жүргөн селдин чыгымын эсептөө үчүн түзүлгөн атайын комиссиянын маалыматына караганда, ушул күндө жалпы чыгым 108 млн сом деп бааланууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн “Азаттык” үналгысына 20-июлда билдиришти.
11-июль күнү кечке жуук жүргөн сел бир турак үйдү толугу менен алып кетип, 36 үйдүн короосуна, төрт үйдүн жер төлөсүнө кирген. Электр мамылары, көпүрөлөр, ички чарбалык арыктар, жолдор зыянга учурап, таза суу, сугат суу түтүктөрү да жараксыз абалга келген. (JsA)