Аскер прокуратурасы Коргоо министрлигинин алдындагы мамлекеттик “Кыргыз курал” ишканасынын Д.Б. аттуу мурдагы жетекчисине байланыштуу ишти тергеп бүтүп сотко өткөрдү.
Аталган ишкананын мурдагы башчысы Кылмыш кодексинин 171, 350-беренелери (“ишеним берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу же коротуу”, “жалган документтерди, штамп, мөөрдү колдонуу, жасоо” ) боюнча айыпталууда.
Башкы прокуратуранын кабарына караганда, ал 2014-жылы Орусиянын “Оптолинк” ишканасы менен келишим түзүү үчүн кассадан 964 миң сом алган жана ага эч кандай документ көрсөткөн эмес. Кийин каражат “Оптолинкке” төлөндү делген жасалма документ көрсөткөн. Аталган ишкананын расмий жообуна ылайык, мындай сумма алардын эсебине түшкөн эмес. Мындан сырткары Д.Б. “Кыргызкуралды” жетектеп турган 2013-2014-жылдары айрым кызматкерлерге мыйзамсыз түрдө айлык жана сый акы төлөп берген.
Тергөөнүн жүрүшүндө мамлекеттик казына келтирилген чыгым толугу менен төлөнүп берилген. Бул ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту кароодо. (КЕ)