Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:05

Кувейт ирандык дипломаттарды өлкөдөн чыгарат


Кувейттин Жогорку Соту
Кувейттин Жогорку Соту

Кувейт Иранды өлкөдөгү дипломаттарынын санын кыскартууга, алардын аскердик, соода жана маданият жаатында иш алып барган айрым кеңселерин жабууга чакырды. Өкмөттүн атын атагысы келбеген өкүлү "Франц-пресс" агенттигине билдиргендей, баш аягы 15 ирандык дипломат Кувейттен чыгарылышы мүмкүн.

Бул чечим Иранга тиешеси бар делген террордук топко байланыштуу экенин "Куна" агенттиги кабарлады.

Өткөн айда Кувейттин Жогорку Соту Иранга жана шиит жоочуларынын "Хезболла" кыймылына байланышы бар делген бул топтун мүчөлөрүн абакка кескен. Аны улай эки өлкөнүн биргелешкен комитеттеринин ишмердүүлүгүн токтотуп койгон.

Иран бийлиги Кувейттен келген кабарлар боюнча комментарий бере элек. Кувейттин соңку чечими Перс булуңда чыңалуу күчөгөн учурга туш келди.

XS
SM
MD
LG