Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 03:52

Президент Шавкат Мирзиёев Орусиянын экинчи иши шаары - Санкт-Петербургда Өзбекстандын консулдугун ачууну буюрду. Президенттин басма сөз кызматы 20-июлда кабарлагандай, бул ишти Тышкы иштер министрлиги орус бийлиги менен кеңешип, эки ай ичинде аткарышы керек.

Буйрукта айтылгандай, "жаңы консулдук өзбек жарандары менен бизнестеринин укугун жана кызыкчылыгын натыйжалуу коргоого" милдеттүү.

Буга чейин он миңдеген өзбек мигранттары иштеген Орусиянын эки гана шаарында - Москва менен Новосибирскте гана өзбек консулдугу бар болчу.

XS
SM
MD
LG