Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

Жалал-Абаддык дыйкандар Тажикстандын пахта талаасында болушту


Кыргызстандык дыйкандар Тажикстандын тажрыйбасы менен таанышты
Кыргызстандык дыйкандар Тажикстандын тажрыйбасы менен таанышты

Облустун аймагындагы Айылдык консультациялык кызматы, “Биофермер” кооперативи жана “Биосервис” уюмунун адистеринен жана дыйкандарынан куралган он адам Тажикстандын Согди облусунун пахта талааларын кыдырып чыгышты.

Айылдык консультациялык кызматынын жетекчиси Сыргабек Жойболотовдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, делегация негизинен пахта өстүрүүдө сууну үнөмдүү пайдалануу ыкмалары менен таанышты. Сапаттуу үрөндөр менен өстүрүлгөн пахта талааларында болуп, коңшу өлкөнүн фермерлери менен тажрыйба алмашты.

18-21-июль күндөрү Тажикстанга болгон дыйкандардын тажрыйба алмашуу сапары “Хельветас” уюмунун пахта аянттарындагы сууну үнөмдүү пайдалануу долбоору аркылуу ишке ашты. Былтыркы жылы тажикстандык дыйкандар Жалал-Абаддагы пахта талааларын кыдырып кеткен болчу. (RsK)

XS
SM
MD
LG