Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Боссерт: АКШ Асаддын дароо кетишин талап кылбайт


Сириянын президенти Башар Асад
Сириянын президенти Башар Асад

АКШ Сириянын президенти Башар Асаддын дароо бийликтен кетишин талап кылбайт. Бул тууралуу президент Дональд Трамптын террорчулукка каршы туруу багытындагы кеңешчиси Том Боссерт Колорадодо 20-июлда өткөн коопсуздук форумунда айтты.

"Биз үчүн Асад дароо кетиши керек деген талап маанилүү деп ойлобойм. АКШ кайсы бир мезгилде Асаддын кеткенин каалайт", - деди Боссерт.

Ак үйдүн мындай позициясы мурдагы президент Барак Обаманын администрациясынан кыйла айырмаланып турат. Обама президент Асаддын бийликтен кетиши Сириядагы жарандык согуш боюнча саясий мунаса табуунун негизги шартты деп билдирген.

Буга чейин француз президент Эммануэл Макрон да Асаддын кетиши биринчи талап эместигин айткан.

XS
SM
MD
LG