Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:18

Тегеран Кувейттин дипломаттарды чыгаруу чечимин сындады


Кувейттин Жогорку Соту
Кувейттин Жогорку Соту

Расмий Тегеран Кувейттин ирандык дипломаттарды өлкөдөн чыгаруу чечимин айыптады. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бахрам Хасеми Иранды террорчул топтун артында турат деп айыптоого негиз жоктугун айтып, Кувейттин 20-июлдагы чечимине жооп кайтарылышы мүмкүндүгүн эскертти.

Кувейт өлкөдөгү 19 ирандык дипломаттын 14үнөн 45 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылган. Бул чечим Иран колдойт делген террордук топко байланыштуу экенин "Куна" агенттиги кабарлаган. Өткөн айда Кувейттин Жогорку Соту бул топтун мүчөлөрүн абакка кескен. Иран террорчул топко тиешеси жоктугун билдирген.

Ирандык дипломаттарды чыгаруу чечими аймактагы коңшулары менен жакшы мамилени кармап келаткан Кувейт үчүн адаттан тыш кадам болуп калды.

Сауд Арабия менен Ирандын мамилеси катуу солгундап кеткенден кийин Кувейт өткөн жылы Тегерандагы дипломаттарынын санын кыйла кыскарткан.

XS
SM
MD
LG