2018-жылдан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кыргыз тилден сынак тапшыра баштайт. Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, мындай талап “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдарында белгиленген. Учурда Кадр кызматы мамлекеттик тилди билүүгө тийиш болгон мамлекеттик кызмат орундарынын тизмесин иштеп чыгууда. Мамкызматкерлердин тил билүүсү “Кыргызтест” системасы аркылуу аныкталат.
Тестирлөө президенттин “2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү улуттук программасы жана тил саясатын алдыга жылдыруу” жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлөт.
Кыргызстандыктардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча “Кыргызтест” системасы 2013-жылы ишке кирген. "Кыргызтест" лексика-грамматика, угуп түшүнүү, окуп түшүнүү, жазуу субтесттеринен турат. Бул система президенттик шайлоодо алгач ирет колдонулуп жатат.
Алгачкылардан болуп 2014-жылы декабрда президенттик аппаратта иштеген кызматкерлер кыргыз тилинен сынак тапшырат. (КЕ)